
2-декабрь күнү Ош шаары Ош мамлекеттик университетинин Башкы корпусунда Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун ачылыш аземи болуп өттү. Кинофорум актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлсара Ажыбековага арналды. Ошондой эле Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын турмушка ашыруу программасын колдоого жана Эл аралык тоолор күнүнүн урматына арналды.
2-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин Башкы корпусунда Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун ачылыш аземи жандуу музыка жана конокторду, көрүүчүлөрдү салтанаттуу тосуп алуу менен коштолду.
Кинофорум Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү иш-аракеттерин жүзөөгө ашыруу боюнча атайын өкүлү Кемелова Динара Амантуровнанын куттуктоо сөзү менен ачылды. Анын артынан ОБСЕнин Бишкектеги программалык кеңсесинин экономикалык жана экологиялык департаментинин башчысы Рати Джапаридзе куттуктоо сөзүн айтып, бүгүнкү иш-чаранын мыкты деңгээлде өтүп жатканын белгилөө менен айым-режиссёрлорго жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жетекчиси Талант Төлөбеков айым-режиссёрлорду 7-кинофоруму менен куттуктап, кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Айдай Чотуева жана Жаңыл Жусупжанга “Кыргыз киносунун отличниги” наамын, Гүлжан Иреш жана Анастасия Лысогоровага Кинематография департаментинин Ардак Грамотасын ыйгарды. Айым-режиссёрлорду куттуктап Ош шаарынын мэриясынын, Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.





Анын артынан актриса Гүлсара Ажыбекова менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда актриса өзүнүн чыгармачылыгы, өмүрү жана ойлору менен бөлүштү. Көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди.
Андан соң публицист, журналист Жамбы Жусубалиеванын “Клара Юсупжанова” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Китепте советтик кыргыз кинорежиссёр айымы Клара Юсупжанованын чыгармачылыгы жана ал тууралуу жазылган макалалар орун алып, китеп эл тарабынан жылуу кабыл алынды. Китептин бет ачарынан кийин таланттуу жаш сценарист айым, дүйнөдөгү эң мыкты кино мектептердин бири болгон Америка Киноискусство институтунун (AFI) бүтүрүүчүсү Гүлжан Токтогул сценарий жазуу боюнча мастер-класс өткөрдү. Мастер-класста Гүлжан Токтогул сценарий жазуунун сырлары, кыргыз тасмаларында аялдардын образы, мыкты сценарий жазуунун сырлары тууралуу кызыктуу маек куруп берди.



Экинчи күн
3-декабрь күнү Ош шаары “Семетей” кинотеатрында Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун “Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын алкагындагы 9 тасма көрсөтүлдү. Ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин режиссёр менен көрүүчүлөрдүн ортосунда суроо-жооптор орун алды. Көрүүчүлөрдүн арасында мектеп окуучулары, университеттин студенттери жана мугалимдер да катышты. Тасмаларды “Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын калыстар тобунун мүчөлөрү кинотаануучу Гульбара Толомушова, эколог Абдыжапар Аккулов жана продюсер Асел Умарова тыкыр көрүп, баалап жатышты.

Көрсөтүүлөрдөн кийин Казакстандан келген кинорежиссёр, документалист Жанана Курмашеванын “Азия Оскары” аталган Asia Pacific Screen Awards (APSA) сыйлыгына катышып жаткан “Ата-Мекен” даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Андан соң экологиялык маселелери боюнча экологдордун жана кинорежиссёрлордун катышуусунда панелдик талкуу болду. Панелдик талкууда Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү иш-аракеттерин жүзөөгө ашыруу боюнча атайын өкүлү Кемелова Динара Амантурова экология темасында презентация өттү.




Үчүнчү күн
4-декабрь күнү “Айымдардын көз карашы” программасынын 16 тасмасы “Семетей” кинотеатрында көрсөтүлдү. Ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин режиссёру сахнага чыгып, көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Тасмалар тууралуу чакан талкуулар, суроо-жооптор орун алды. Андан соң белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын “А” класстагы Шанхай кинофестивалында Мыкты тасма сыйлыгына татыган “Кара.Кызыл.Сары” тасмасы көрсөтүлүп, режиссёр жана тасманын тартуучу тобу көрүүчүлөр менен жолугушту. Актан Арым Кубат чыгармачыл тобу менен бирге “Кара.Кызыл.Сары” көркөм тасмасынын мисалында “Тасманы тартуу учуру” аталышындагы мастер-класс өткөрдү.




Төртүнчү күн
Кинофорумдун төртүнчү күнүндө “Кыргызстандын айым-кинематографисттерин изилдөө” долбоорунун презентациясы болуп өттү. Гульбара Толомушова, Адиля Хайбуллина, Енлик Егеубаева, Айзада Амангельды тарабынан жүргүзүлгөн бул изилдөө долбоорунда Гульбара Толомушова, Дальмира Тилепбергенова, Жаңыл Жусупжан жана Асель Жураеванын чыгармачылыгына орун берилип, алар тууралуу изилдөөлөрдүн материалдары тартууланды.
Анын артынан театр жана кинонун актрисасы Жаңылай Исакова “Камеранын алдында актёрдун өзүн алып жүрүүсү (Театр менен кинонун айырмасы, минимализмде иштөө, көңүл бөлүү жана ички агым)” аттуу мастер-класс өттү. Мастер-класс актёрдук багытта билим алган студенттер, жаш актёрлор жана режиссёрлор үчүн абдан пайдалуу болду.




Мастер-класстан кийин Кинофорумдун катышуучуларына касиеттүү Сулайман-Тоого, Көркөм өнөр музейине экскурсия уюштурулду.



Кечки саат 18:00 дө Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунун жабылыш аземи болду. Жабылыш аземинде Ош мамлекеттик университетинин чыгармачыл жамааты тарабынан чакан концерттик программа уюштурулду. Кинофорумда көрсөтүлгөн тасмаларга атайын сыйлыктар ыйгарылып, каалоо-тилектер, алкыштар айтылды. “Экологиялык жана социалдык активизм” программасында байгеге ээ болгон тасмалардын акчалай сыйлыктары “Этномедиа” онлайн-кинотеатры тарабынан камсыздалды. Ал эми “Айымдардын көз карашы” программасында байгеге ээ болгон тасмалардын акчалай сыйлыктары “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан берилди.



