Биринчи чыгарылыш

“КЫРГЫЗСТАНДЫН АТАМЕКЕНДИК КИНЕМАТОГРАФИЯСЫНЫН ТҮПТӨЛҮШҮНӨ ОЛУТТУУ ТААСИР БЕРГЕН АЙЫМ-КИНЕМАТОГРАФИСТТЕРДИ ИЗИЛДӨӨ” ДОЛБООРУ

Соңку жылдары Кыргызстандын айым-режиссёрлору улуттук кинематографиянын өнүгүшүндө салмактуу орунду ээлей баштады. Бирок, алардын тарткан тасмалары өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде азыраак таанылып жатат.

Аталган долбоор маданий мурасты сактоо, кинематографиядагы аялдардын салмагын көргөзүү максатында Кыргызстандын киноөндүрүшүнө айым-режиссёрлордун салымын изилдөө жана документтештирүүгө багытталган.

Долбоор аялдардын чыгармачыл жолундагы кайталангыс өзгөчөлүктөрүн чагылдырууга аракет жасап, социо-маданий таасирди, кино жаатында аялдар туш болгон гендердик факторлорду, ошондой эле алардын жумушуна байланышкан тоскоолдуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү изилдейт. Мындай изилдөөлөр айым-режиссёрлордун коомчулукка таанылуусуна, добуштарынын угулуусуна, тасмаларынын баалануусуна жардам берет. Бул кинематографист айымдардын жаңы толкунун шыктандырып, киноөндүрүштөгү аялдардын позициясын бекемдейт. Кыргызстандагы айым-режиссёрлордун тажрыйбасын, жетишкендиктерин документтештирүү келечек муун үчүн маанилүү маданий баалуулуктарды сактаганга, алар алып келген салтты жана инновацияны көрсөтүүгө жардам берет. 

Долбоордун форматы

Долбоор илимий иш форматында даярдалат, ар бири 10 барактан турат жана MLA стандарттарына ылайык абалда жасалгаланат. Макалаларда MLA стандарттарына ылайык мазмун, адабияттардын тизмеси, шилтемелер жана цитаталар болот.

Ар бир публикацияларда төмөндөгүлөр орун алат:

  • Режиссёрдун чыгармалары жана толук маалыматтар камтылган өмүр баяны
  • Маданий-чыгармачылык маанидеги жана гендердик аспектиге багытталган негизги тасмаларынын анализи
  • Борбордук Азиянын алкагында алардын ишмердигинин тарыхый жана маданий контексти
  • Режиссёрлор жана алардын чыгармачылык жолун айтып берген коллегалары менен интервью
  • Айым-режиссёрлор туш болгон гендердик барьерлерди анализдөө

“Кыргызстандын атамекендик кинематографиясынын түптөлүшүнө олуттуу таасир берген айым-кинематографисттерди изилдөө” долбоорунун

Биринчи чыгарылышы

 “Кыргызстандагы атамекендик киноматографиянын түптөлүшүнө олуттуу таасир берген айым-кинематографисттерди изилдөө” долбоору кыргыз кинематографиясындагы төрт башкы ысымдарды изилдөө менен башталат. Биринчи изилдөөлөр төмөндөгү айым-режиссёрлорго жана айым-кинотаануучуларга арналат:

  • Гульбара Толомушова – кино таануучу жана сынчы, кыргыз киносуна арналган изилдөөлөрдүн жана макалалардын автору. Анын кыргыз киносун өнүктүрүүдө жана эл аралык басылмаларда таанылуусунда чоң салымы бар. Ал келечек муундун режиссёрлоруна жол көрсөтүүчү өзүнүн изилдөөлөрү, сындары, рецензиялары менен таанымал.
  • Дальмира Тилепбергенова – жазуучу, сценарист жана режиссёр. Кыргызстандагы аялдардын жашоосуна социалдык жана психологиялык аспектиден терең көңүл бурган айым катары белгилүү. Анын фильмдери өзүнүн тереңдиги жана маданий өзгөчөлүгү менен абройлуу эл аралык кинофестивалдардан сыйлыктарды алган.
  • Жаңыл Жусупжан – журналист, региондогу адам укуктары жана социалдык-саясий маселелерди көтөрүп чыккан режиссёр-документалист. Анын тасмалары адам укугу маселелерине терең сүңгүп кирип, кыргыз коомундагы аялдардын ролун ар тараптан ачып берет.
  • Асель Жураева – Кыргызстандын социалдык жана маданий маселелерин көтөргөн режиссёр-документалист. Анын тасмалары эл арасындагы өзгөчө, кызыктуу адамдардын тагдырларын жана бейнесин ачып көрсөтөт. “Азия чыгармачыл айымдарынын коомдук фондунун” жана Кыргызстан айым-режиссёрлорунун эл аралык Кинофорумунун негиздөөчүсү. “Айымдар кино тартат” подкастынын автору жана алып баруучусу. 

Жогорудагы төрт ысым кыргыз киносундагы аялдардын көп кырдуулугун жана көз карашынын күчүн эле билдирбестен, долбоордогу анализдерге маанилүү багыт болуп беришет.

Долбоордун изилдөөчүлөрү:

  • Гульбара Толомушова (Кыргызстан) – кино таануучу жана сынчы, кыргыз киносуна арналган изилдөөлөрдүн жана макалалардын автору. FIPRESCI мүчөсү, ошондой эле бир канча абройлуу кинофестивалдардын калыстар тобунун мүчөсү.
  • Адиля Хайбуллина (Татарстан, Россия) –белгилүү кино таануучу жана сынчы. Татарстан Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 15 жылдан ашуун убакыттан бери Казан театралдык окуу жайында “Кинонун тарыхы” дисциплинасынан сабак берип келет.
  • Енлик Егеубаева (Казакстан) – кино таануучу, brod.kz, oner.kz, “Вечерняя Астана” гезити, “Шабыт” басылмаларындагы макалалардын автору, студенттердин эл аралык киновестивалынын жана форумдардын уюштуруучусу.
  • Айзада Амангельды (Кыргызстан) – кинодраматург, режиссёр, продюсер жана феминист активисти. С.Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) бүтүрүүчүсү. Көптөгөн социалдык долбоорлордун, даректүү жана ойномо тасмалардын автору.