2016-жылдан тартып “Азия чыгармачыл айымдарынын“ коомдук фонду жыл сайын Кыргызстан айым-режиссерлорунун Кинофорумун өткөрүп келет. Кинофорум өлкөбүздөгү режиссер айымдардын тасмаларын чоң экрандан көргөзүүгө мүмкүнчүлүк берип, алардын бир аятнчада жолугушуп, өз ара пикир алмашуусуна шарт түзгөн, айым-режиссерлорго арналган Кыргызстандагы, дегеле Борбордук Азиядагы алгачкы жана жалгыз иш чара болуп саналат. Кинофорумдун максаты – айым-режиссерлордун башын бириктирип, бири-бири менен пикир алмашышып, коомдогу актуалдуу проблемалардын үстүндө талкуу кылышып, маселелердин чечилиши жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүшүүлөрүнө шарт түзүү болуп эсептелет.
Кыргызстан айым-режиссерлорунун I Кинофоруму 2016-жылдын 17-декабрында болуп өткөн. Бир күн бою 16 тасма көрсөтүлүп, көрүүчүлөр жана катышуучулар арасында талкуулар уюштурулган. Иш-чара бир эле күнгө созулганына карабастан эмоцияга толгон көз ирмемдер менен өттү.