Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI эл аралык Кинофорумунда төмөндөгү тасмалар сыйлыктарга, дипломдорго ээ болушту:
- Кинематогрфия департаментинин “Үн дизайнынын мастеринги жана техникалык колдоо көрсөтүүнүн атайын сыйлыгы” – Каныбек кызы Мээрим, “Образ” тасмасы, Кыргызстан.
- “МультиМедия Кыздар” студиясынын “Техникалык колдоо көрсөтүүнүн атайын сыйлыгы” – Фариза Танай, “Чурка, Адема, чурка” тасмасы, Казакстан.
- “МультиМедия Кыздар” студиясынын “Скрипт доктор кызматын көрсөтүүнүн атайын сыйлыгы” – Жаңы Умуралиева, “Каалга” тасмасы, Кыргызстан.
Кино сынчылар тобунун сыйлыктары:
- Кино сынчылар тобунун “Атайын сыйлыгы” – “Сендеги жарыкты көрүп турам” тасмасы, режиссёру Тамиша Муминова, Тажикстан.
- Кино сынчылар тобунун “Башкы сыйлыгы” – Мээрим Талантбек кызы, “Мунара” тасмасы, Кыргызстан
- Кино сынчылар тобунун “Диплому” – “Чурка, Адема, чурка” тасмасы, режиссёру Фариза Танай, Казакстан
- Кино сынчылар тобунун “Диплому” – “Мен өлгөндөн кийин кете бер” тасмасы, режиссёру Тамара Кубаева, Кыргызстан
- Кино сынчылар тобунун “Диплому” – “Качуу” тасмасы, режиссёру Дарина Манапова, Казакстан.
“Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун сыйлыктары:
- Режиссёр Темир Бирназаровдун “Бир жылдык режиссёрдук курсуна катышуу” сертификаты – Мээрим Талантбек кызы, “Мунара” тасмасынын режиссёру.
- “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун “Алдыдагы долбооруна техникалык колдоо көрсөтүү” сертификаты – Алина Байтокова, “Айдар өз ааламында” тасмасынын режиссёру, Кыргызстан.
- “Кийинки долбооруна колдоо көрсөтүү” – 40 миң сомдук акчалай сертификаты – Саадат Казакбаева, “Күүгүмдөгү коңгуроо” тасмасынын режиссёру, Кыргызстан.




