Режиссёр Асел Журева Франциядагы эл аралык фестивалда “Теңирберди” тасмасы менен катышып жатат.

Тасманы көрүүчүлөр жылуу кабыл алышты.

Асель Жураева

Тасманын эл аралык премьерасы Иранда Фажр кинофестивалында өткөн, ошондой эле Азербайжанда, Испанияда, Казакстанда жана Беларусияда өткөн эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

Лирикалык комедия жанрындагы тасма «Азиянын чыгармачыл айымдары» коомдук фонду, Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын көмөгү менен тартылган.

Тасмада айылда күн кечирген, туяксыз абышка-кемпир тууралуу баяндалат. Күндөрдүн биринде алардын эшигинин алдына кимдир бирөөлөр алты айлык ымыркайды таштап кетишет. Абышка-кемпир алгач мамлекетке өткөрүп берүүнү ойлошуп, бирок «жаш балдардын органын сатышат экен» деген ушактан улам балага Теңирберди деген ат коюп, өздөрү багып алышат.

My lovely workplace

Author

Write A Comment