“Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду
“Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду 2013 – жылы Асель Жураева тарабынан түзүлгөн. Фонддун максаты Борбордук Азиядагы чыгармачыл айымдарды колдоо, алардын ар кандай идеяларын, чыгармаларын, долбоорлорун жүзөөгө ашырууга жардам беүү, ошондой эле Кыргызстандын, Орто Азиянын киночу айымдарына колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

“Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду түптөлгөндөн бүгүнкү күнгө чейин бир нече долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырды. Фонддун колдоосу менен режиссёр Асель Жураеванын режиссёрдук курстары уюштурулуп, курса катышкан айымдар кыска метраждуу тасмаларды тартышкан. Фонд Айдай Чотуева, Мээрим Догдурбекова, Зирегүл Кубандык кызы, Аяна Мукашева жана башка айым-режиссёрлордун 50 гө жакын тасмаларына техникалык колдоо көрсөткөн. Аталган тасмалар өлкө ичиндеги жана эл аралык кинофестивалдардан байгелерди жеңип алышкан.
“Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун ири долбоорлорунун бири Кыргызстан айым-режиссёрлорунун эл аралык Кинофоруму. Кинофорум 2016-жылдан бери Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы киночу айымдар үчүн эң маанилүү пикир алышуу, талкуу аянтчасы болуп келет. Жыл сайын өткөрүлгөн Кинофорумда айым-режиссёрлорго таандык тасмалар көрсөтүлүп, кесипкөй киночулардын катышуусунда мастер-класстар, воркшоптор жана семинарлар берилет.
“Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун дагы бир көрүнүктүү долбоорлорунун бири “Айымдар кино тартат” подкасты. Мында режиссёрлор, продюсерлер, актрисалар, кино чөйрөсүндөгү айымдар киноөндүрүшүндөгү аялдардын орду, чыгармачылыгы, көйгөйлөрү жана башынан өткөргөн кызыктуу окуялары тууралуу эркин ой бөлүшүшөт.