11-12-13-14-май күндөрү Ош шаарында советтик кыргыз режиссеру Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналган Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофоруму болуп өттү. Иш-чара Швейцария Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен өткөрүлдү.
11-майда Ош мамлекеттик университетинин Башкы корпусунда Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофорумунун ачылыш аземи болуп, Кинофорумдун катышуучулары жана коноктору жашыл килемден өтүштү.
Кинофорумдун ачылыш аземи режиссер Гани Кудайбергендин Лиля Турусбекова тууралуу даректүү тасмасын көрүү менен башталды. Андан соң иш-чаранын сыйлуу конокторуМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарова Айнура Алмасбековнанын, Кинематография департаментинин жетекчисинин орун басары Усупбекова Айзада Канаровнанын, Ош шаарынын вице-мэри Кадыров Нурбек Сүйүнбаевичтин, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичтин жана “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун жетекчиси Асел Жураеванын куттуктоо сөздөрү айтылды.
Иш-чаранын ачылыш аземинде Ош мамлекеттик университети менен Стамбул Медениет университети, Стамбул Гелишим университети, “Тазар” кинокомпаниясы жана “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду. Андан соң Кинофорумдун 5 жылдык тарыхын чагылдырган чакан ролик коюлуп, артынан 14 катышуучунун фильмдеринен жасалган атайын трейлер көрсөтүлдү.
Ачылыш аземинин расмий бөлүгүнөн кийин Лиля Турусбекованын “Катышкандык” аттуу даректүү тасмасы көргөзүлүп, анын кыздары Асел Даниярова жана Гүзел Айтматовага сөз берилди.
Түштөн кийин ачылыш аземи өткөн конференц-залда “Түштүк Кореядагы киноөндүрүштүн негиздери” аттуу темада кореялык режиссер Ю Ын Жон мастер-класс өттү. Андан соң “Аялзатынын көз-караш өңүтү. Айым-оператордун көркөм-сүрөттөөчүлүк ыкмасы” аттуу темадагы мастер-классы менен Казакстандан келген кинооператор Айгүл Нурбулатова угуучуларга кызыктуу сабак өтүп берди. Анын артынан түрк продюсери жана киносынчы Мелтем Ишлер Севиндиден “Түркиядагы киноөндүрүштүн негиздери. Кинолор, сериялдар жана алардын маркетинги” аттуу мастер-класс берилди.
12-майда – иш-чаранын экинчи күнү “Семетей” кинотеатрында Кинофорумдун 14 катышуучусунун көркөм жана даректүү тасмалары көрсөтүлдү. Кинолор көрсөтүлгөндөн кийин катышуучулар үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Радио, телекөрсөтүү жана кино бөлүмүнүн илимий кызматкери Жамийла Абдымаликованын “Заманбап кинематографияда гендердик аспектилер” аталышындагы тренинги болуп өттү.
Быйылкы Кинфорумда “Киносынчылардын тандоосу” номинациясын кийирүү чечими кабыл алынды. Ошондуктан алдын ала киносынчылардын тобу түзүлүп, ага Түркиядан келген киносынчы Мелтем Ишлер Севинди, кинотаануучу Гульбара Төлөмүшова, Айдай Чотуева, Жазгүл Ибраимова жана Эльдар Нурманбетов мүчө болду. Сынчылар тобунун мүчөлөрү кино көрсөтүү аяктаган соң өз ара талкуулашып, мыкты деп эсептеген 4 тасмасын тандап алышты.
13-майда – Кинофорумдун үчүнчү күнүндө Ош мамлекеттик университетинин Конфуций конференц-залында “Айым-режиссерлорго квота бөлүү” темасында дисскуссиялык клуб уюштурулуп, ага иш-чаранын катышуучулары жана коноктору катышты. Дискуссиянын жүрүшүндө атайын чакырылган юрист айым-режиссерлордун талкууларын, алардын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрине жалпы кол коюп жазган кайрылуусун протоколго түшүрдү.
Ошол күнү кечинде Ош мамлекеттик университетинин чоң актылык залында Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофорумунун жабылыш аземи болду. Жабылыш аземи Кинофорумдун 3 күндүк иш-чарасынын урунттуу учурлары камтылган видеоролик менен башталып, сыйлык ыйгаруулар, каалоо-тилектер жана чакан концерттик программа менен аяктады.
Жабылыш аземинин расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жетекчисинин орун басары Усупбекова Айзада Канаровна куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Департаменттин атынан кыргыз киносуна кошкон салымы үчүн Гузель Дуйшенкулова жана Айзада Амангельдиге Кинематография департаментинин Ардак грамоталарын тапшырды.
Кинофорумдун аягында “Киндик эне” фильми мыкты тасма деп табылып, “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан кийинки кинодолбооруна техникалык жардам сертификаты тасманын режиссеру Таберик Юсуповага тапшырылды.
“Киносынчылардын тандоосу” номинациясында киносынчылар тобунун атынан “Күлча” тасмасы үчүн Севара Бекмурадовага, Дайана Ибраевага “Түз эфир” тасмасы, Таберик Юсуповага “Киндик эне” тасмасы, ошондой эле Сауле Муканбетовага “Үмүт” тасмасы үчүн дипломдор ыйгарылды. Мындан сырткары Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофорумунун катышуучуларына катышкандыктары үчүн дипломдор берилди.
14-майда – Кинфорумдун төртүнчү күнүндө, “Семетей” кинотеатрында режиссер Жаңыл Жусупжандын “Үркөр, үркөр, үч жылдыз, үркүп кайда барасың” даректүү тасмасынын улуттук бетачары болуп, талкуу уюштурулду.
