Category

Фестиваль

Category

Айым-режиссёрлордун VII эл аралык Кинофорумунда төмөндөгү тасмалар сыйлыктарга, дипломдорго ээ болушту:

UNICO PLAY онлайн-кинотеатрынын атайын сыйлыгы

“Балким бир күн сурармын” даректүү тасмасы –  режиссёру Гулжан Иреш, Кыргызстан

“Экологиялык жана социалдык активизм” программасы

Калыстар тобу: Гульбара Толомушова (төрайым), Абдыжапар Аккулов (мүчө), Асел Умарова (мүчө)

  1. I орун (25 миң сом акчалай сыйлык) –  “Иттер” даректүү тасмасы, режиссёру Алиман Токтогулова жана Караш Жанышов, Кыргызстан
  2. II орун (15 миң сом акчалай сыйлык) –  “Тоо балдары” даректүү тасмасы,  режиссёру Гулиза Абдыкамилова, Кыргызстан
  3. III орун (10 миң сом акчалай сыйлык) –   “Билимге болгон чыйыр жол” даректүү тасмасы,  режиссёру Асел Умаралиева, Кыргызстан
  4. Калыстар тобунун атайын диплому –  “Башталыш” даректүү тасмасы,  режиссёру Гүлкайыр Сайтбурхан кызы, Кыргызстан.

“Экологиялык жана социалдык активизм” программасынын акчалай сыйлыктары “Этномедиа” онлайн-кинотеатры тарабынан берилди.

“Айымдардын көз карашы” программасы

Калыстар тобу: Гүлсара Ажыбекова (төрайым), Темир Бирназаров (мүчө), Жаңылай Исакова (мүчө)

  1. I орун (25 миң сом акчалай сыйлык)   –  “Купуялыкты сактап” көркөм тасмасы,  режиссёру Луиза Зарипова, Казакстан
  2. II орун (15 миң сом акчалай сыйлык) – “Directed by Aydana” даректүү тасмасы,  режиссёру Айдай Дүйшөнкул кызы, Кыргызстан
  3. III орун   (10 миң сом акчалай сыйлык) – “Белгисиз жоокер” даректүү тасмасы,  режиссёру Айдай Чотуева, Кыргызстан
  4. Калыстар тобунун атайын диплому –  “Жетинчи ай” көркөм тасмасы, режиссёру Айзада Амангельды, Кыргызста

“Айымдардын көз карашы” программасында байгеге ээ болгон тасмалардын акчалай сыйлыктары “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан берилди. 

Ош шаарынын мэриясынын мыкты тасма үчүн атайын сыйлыгы

  1. “Сууга таазим”  даректүү тасмасы (25 миң сом акчалай сыйлык)  –  режиссёру Жаңыл Жусупжан, Кыргызстан
  2. “Алтын балык” көркөм тасмасы (25 миң сом акчалай сыйлык)  – режиссёру Айжамал Мирбек кызы, Кыргызстан

“Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун атайын сыйлыгы

  1. “Уктап калбайлы” көркөм тасмасы (20 миң сом акчалай сыйлык)   – режиссёру Жанел Күжүкпаева, Казакстан

“Мультимедия кыздар” студиясынын техникалык колдоо сыйлыктары

  1. “Мультимедия кыздар” студиясынын техникалык колдоо сертификаты – “Кыя” тасмасы даректүү, режиссёру Алтынай Адамалиева.
  2. “Мультимедия кыздар” студиясынын техникалык колдоо сертификаты –  “Өтүп кеткен көз ирмемдер” даректүү тасмасы,  режиссёру Салтанат Исманова.

Темир Бирназаровдун бир жылдык режиссёрдук курсунда окуу сертификаты

“Directed by Aydana” даректүү тасмасы,  режиссёру Айдай Дүйшөнкул кызы, Кыргызстан

Ош мамлекеттик университетинин диплому

“Акыркы тийишүү” көркөм тасмасы –  режиссёру Гүлнара Иванова, Өзбекстан

Мындан сырткары Айым-режиссёрлордун VII эл аралык  Кинофорумунун бардык катышуучуларына катышкандыктары үчүн дипломдор берилди. Ал эми Кинофорумдун өтүшүнө жардам берген Ош мамлекеттик университетинин ыктыярчы студенттерине ыраазычылык каттар ыйгарылды.

Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI Кинофорумунун алкагындагы Данте Руставдын анимация воркшобунда биргелешип тартылган “Анткени, мен кызмын” аттуу кыска метраждуу тасмабыз Швейцариядагы абройлуу эл аралык анимация фестивалы — 23-эл аралык FANTOCHE Animation Film Festival га тандалып алынып, фестивалга катышуу үчүн атайын чакыруу келип, командабыз үчүн зор сыймыкка айланды.

Эске салсак биздин тасма Кыргызстандын атынан биринчи болуп катышып жатат. Бул фестивал 1995-жылдан бери өткөрүлүп, Европадагы абройлуу анимациялык фестивалдардын катарында турат жана Oscar® and BAFTA квалификациясына ээ.   

Аталган фестиваль 2025-жылдын 2-7-сентябрь аралыгында Швейцариянын Баден шаарында болуп өткөрүлмөкчү жана эгер биздин кыздардын тасмасы баш бейгени алса Оскар сыйлыгына фестиваль тарабынан көрсөтүлмөкчү.