Author

admin

Browsing

Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI эл аралык Кинофорумунда төмөндөгү тасмалар сыйлыктарга, дипломдорго ээ болушту:

  1. Кинематогрфия департаментинин “Үн дизайнынын мастеринги жана техникалык колдоо көрсөтүүнүн атайын сыйлыгы” – Каныбек кызы Мээрим, “Образ” тасмасы, Кыргызстан.
  2. “МультиМедия Кыздар” студиясынын “Техникалык колдоо көрсөтүүнүн атайын сыйлыгы” – Фариза Танай, “Чурка, Адема, чурка” тасмасы, Казакстан.
  3. “МультиМедия Кыздар” студиясынын “Скрипт доктор кызматын көрсөтүүнүн атайын сыйлыгы” – Жаңы Умуралиева, “Каалга” тасмасы, Кыргызстан.

24-27-ноябрь күндөрү Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI эл аралык Кинофорумунун алкагында Өзбекстандан келген кинорежиссёр, Ташкент эл аралык анимация форумунун директору Данте Руставдын “4 күндө кантип анимация тасмасын жаратса болот” воркшобу Bilimkana Amеrican School мектебинде уюштурулду. Воркшопко Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан жаш кыздар катышты.

Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI Кинофорумунун алкагындагы Данте Руставдын анимация воркшобунда биргелешип тартылган “Анткени, мен кызмын” аттуу кыска метраждуу тасмабыз Швейцариядагы абройлуу эл аралык анимация фестивалы — 23-эл аралык FANTOCHE Animation Film Festival га тандалып алынып, фестивалга катышуу үчүн атайын чакыруу келип, командабыз үчүн зор сыймыкка айланды.

Эске салсак биздин тасма Кыргызстандын атынан биринчи болуп катышып жатат. Бул фестивал 1995-жылдан бери өткөрүлүп, Европадагы абройлуу анимациялык фестивалдардын катарында турат жана Oscar® and BAFTA квалификациясына ээ.   

Аталган фестиваль 2025-жылдын 2-7-сентябрь аралыгында Швейцариянын Баден шаарында болуп өткөрүлмөкчү жана эгер биздин кыздардын тасмасы баш бейгени алса Оскар сыйлыгына фестиваль тарабынан көрсөтүлмөкчү.