24-27-ноябрь күндөрү Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI эл аралык Кинофорумунун алкагында Өзбекстандан келген кинорежиссёр, Ташкент эл аралык анимация форумунун директору Данте Руставдын “4 күндө кантип анимация тасмасын жаратса болот” воркшобу Bilimkana Amеrican School мектебинде уюштурулду. Воркшопко Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан жаш кыздар катышты.
27-ноябрь күнү Ч.Айтматов атындагы Республикалык Кино үйүндө кинорежиссёр, документалист Клара Юсупжановага арналган Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI эл аралык Кинофорумунун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш жандуу музыка жана конокторду, көрүүчүлөрдү салтанаттуу тосуп алуу менен коштолду.
Кинофорум Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун куттуктоо сөзү менен ачылып, артынан Клара Юсупжанованын өмүрү, бейнеси жана чыгармачылыгына арналган Тыныстан Темиржандын “Клара” аттуу тасмасы көрсөтүлдү. Тасманын чыгармачыл тобу жана режиссёр менен көрүүчүлөрдүн ортосунда суроо-жооптор орун алды. Андан соң Клара Юсупжанова башкы ролду ойногон режиссёрлору Б.Абдылдаев жана Л.Гуревич болгон “Түштүк кызы” тасмасы көрсөтүлдү. Клара Юсупжанованын кызы публицист, журналист Жамбы Жусубалиева сөз сүйлөп, көрүүчүлөр менен маектешүү орун алды.


Кыска фуршеттен соң Өзбекстандан келген кинорежиссёр, Ташкент эл аралык анимация форумунун директору Данте Рустав “Борбордук Азиядагы айымдардын анимациясы” аталышындагы мастер-класс өттү. Мастер-класста Данте Рустав Борбордук Азияда жашаган чыгармачыл айымдардын мүмкүнчүлүктөрү, анимация жаратуунун жолдору жана көйгөйлөрү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. Анын артынан укук коргоочу, активист, “Бир Дүйнө – Кыргызстан” эл аралык фестивалынын өкүлү Лира Асылбек “Даректүү тасмадагы этика жана адамдын укугу” аталышындагы тренингин берди. Тренингде даректүү тасманын этикасы, каармандар менен иштешүүнүн жолдору жана алардын укуктары жаатында темалар козголду.
Кинофорумдун экинчи күнү Кино үйүндө Клара Юсупжанованын “Жолборс жайлоодо эки уйду жарып салды” даректүү тасмасын көрүү менен башталды. Андан соң тандалып алынган 17 тасма көрүүчүлөргө тартууланды. Ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөр менен тасманын режиссёрлорунун ортосунда суроо-жооптор орун алды. Кинофорумдун алкагында түзүлгөн жана белгилүү кино сынчы Гульбара Толомушова, Татарстан Республикасынан келген кинотаануучу Адиля Хайбуллина, Жазгүл Ибраимова, ошондой эле Султан Усувалиев сыяктуу белгилүү кино сынчылардан турган Кино сынчылар тобу ар бир тасмага баа беришип, кино көрсөтүү аяктаган соң өз ара талкуулашып, мыкты деп эсептеген 5 тасмасын жабык отурумда тандап алышты.
Кинофорумдун үчүнчү күнүндө “Кыргызстандын айым-кинематографисттерин изилдөө” долбоорунун презентациясы болуп өттү. Гульбара Толомушова, Адиля Хайбуллина, Енлик Егеубаева, Айзада Амангельды тарабынан жүргүзүлгөн бул изилдөө долбоорунда Гульбара Толомушова, Дальмира Тилепбергенова, Жаңыл Жусупжан жана Асель Жураеванын чыгармачылыгына орун берилип, алар тууралуу изилдөөлөрдүн презентациялары тартууланды.
Анын артынан бир режиссёр айымдын тасмасынын бет ачарын өткөрүү салтына ылайык, жаш режиссёр Алина Байтокованын “Умай” даректүү тасмасынын бет ачары болуп өттү. Тасманын бет ачарына каармандар, чыгармачыл топ катышты.
Кечки саат 18:00 дө Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI эл аралык Кинофорумунун жабылыш аземи башталды. Жабылыш аземинде Coolband тобунун жагымдуу музыкалык программасынан соң кыргыз киносунун өнүгүшүнө зор салым кошкон, кино өндүрүшүнүн уюштуруучусу Касманкулова Зейне Жумаевнага арналган кыска ролик көрсөтүлүп, анын артынан Зейне Жумаевнага “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фондунун “Кыргыз киносун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” 50 миң сомдук сертфикаты ыйгарылды. Клара Юсупжанованын кызы, белгилүү публицист, журналист Жамбы Жусубалиева чыгып куттуктоо сөзүн айтты.
Өзбекстандан келген кинорежиссёр, Ташкент эл аралык анимация форумунун директору Данте Руставдын 24-ноябрь күнү башталган “Төрт күндө кантип анимация тасмасын жаратса болот?” 4 күндүк воркшобу жыйынтыкталып, катышуучулары тарткан анимациялык тасмасы чоң экрандан көрсөтүлдү. Воркшоптун катышуучу кыздарына Данте Рустав тарабынан сертификаттар берилди.
Кинематография департментинин жетекчиси Адамалиев Улан Айылчиевич өзүнүн куттуктоо сөзүн айтып, “Үн дизайнынын мастеринги жана техникалык колдоо көрсөтүүнүн атайын сыйлыгын” “Образ” тасмасынын режиссёру Каныбек кызы Мээримге ыйгарды.
Кыргызстан айым-режиссерлорунун VI Кинофорумуна катышуу үчүн Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан 50 дөн ашуун тасмалар келип түшкөн. Булар – кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар. Фильмдерди тандап алуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына кино искусствонун ишмерлери, режиссерлор, операторлор жана монтажерлер киришкен.
Комиссия тарабынан 17 тасма тандалып алынды: Казакстандан 5 тасма, Өзбекстандан 1, Тажикстандан 1 жана Кыргызстандан 10 тасма. Кинофорумда жалпысынан 17 айым-режиссердун фильмдери көрсөтүлдү.
2016-жылдан тартып Кыргызстан айым-режиссерлорунун эл аралык Кинофоруму «Азия чыгармачыл айымдарынын» коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп келет. Кинофорум өлкөбүздөгү режиссер айымдардын тасмаларын чоң экрандан көргөзүүгө мүмкүнчүлүк берип, алардын бир аятнчада жолугушуп, өз ара пикир алмашуусуна шарт түзгөн, айым-режиссерлорго арналган Кыргызстандагы жалгыз иш чара болуп саналат. Кинофорумдун максаты – айым-режиссерлорду бир аянтчада чогултуп, бири-бири менен пикир алмашышып, коомдогу актуалдуу проблемалардын үстүндө талкуу кылышып, маселелердин чечилиши жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүшүүлөрүнө шарт түзүү болуп эсептелет. V юбилейлик Кинофорум 2023-жылы Ош шаарында өткөн. Кинфорумдун автору жана директору Асель Жураева.


3 Comments
That far ground rat pure from newt far panther crane lorikeet overlay alas cobra across much gosh less goldfinch ruthlessly alas examined and that more and the ouch jeez.
Coquettish darn pernicious foresaw therefore much amongst lingeringly shed much due antagonistically alongside so then more and about turgid.
Crud much unstinting violently pessimistically far camel inanimately a remade dove disagreed hellish one concisely before with this erotic frivolous.