Айымдар кино тартат

 “Айымдар кино тартат” подкасты

“Айымдар кино тартат” подкасты “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан уюштурулган киноөндүрүшүндөгү аялдардын үнүн коомчулукка жеткирген долбоор болуп саналат. 

“Айымдар кино тартат” подкастында киночу айымдар кыргыз аялдарынын кинодогу образдары: алар кандай образдарды жаратышты жана кандай кыйынчылыктарга туш болушту, кыргыз киносунун тарыхында заманбап көркөм тасмалардын режиссерлору жана жалпы эле айым-режиссерлор тууралуу маектешет. Ошондой эле кино дүйнөсүндөгү кыйынчылыктар: иш ордундагы теңсиздик, бирдей эмгек акы, чыгармачыл айымдарга болгон ишенич тууралуу айтып беришет. Кино тармагында иштеген аялдар аталган долбоор аркылуу кино чөйрөсүндөгү тең укуктуулук идеясын жайылтууну, гендердик маселелерге коомчулуктун көңүлүн бургузууну көздөшөт.